Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Чынгыз Эшимбеков Катар Мамлекетинин Муниципалитеттер жана айлана-чѳйрѳ боюнча министринин орун басары Шейх Фалех бин Нассер Аль-Тани менен жолугушуу ѳткѳрдү

6706

2019-жылдын 8-декабрында Доха шаарында, кыргыз кыргыз тарабынын демилгеси менен, Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Чынгыз Эшимбеков Катар Мамлекетинин Муниципалитеттер жана айлана-чѳйрѳ боюнча министринин орун басары Шейх Фалех бин Нассер Аль-Тани менен жолугушуу ѳткѳрдү.

Тараптар айыл-чарба тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын «АГРИТЕК- 2020» Эл аралык көргөзмөсүнө катышуусун талкуулашты. Элчи Ч.Эшимбеков Кыргызстандын айыл-чарба тармагындагы потенциалы боюнча маалымат берип, катарлык рынокко кыргыз азыктарын экспорттоо мүнкүнчүлүктөрүн белгиледи. Министрдин орун басары Шейх Фалех бин Нассер Аль-Тани Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүнө алдыдагы көргөзмөгө катышуу үчүн, керектүү колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында, талкууланган маселелер боюнча тыгыз өз ара координациялоо жана чогуу иштердин актыкчылыктуу тармактарын аныктоо максатында ар кандай деңгээлдеги бир нече өз ара сапарларды уюштуруу макулдашылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK