Эл аралык "Көл Фест" музыкалык фестивалы

3484

"KӨЛ ФЕСТ" - бул Борбор Азиядагы жана дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн музыка, саякат жана заманбап искусство сүйүүчүлөрүнүн башын бириктирген Борбор Азиядагы биринчи музыка жана искусство фестивалы.

Фестиваль алгач 2019-жылдын июнь айында өткөрүлгөн. Дүйнө жүзүнөн келген 600дөн ашуун музыка сүйүүчүлөр эң сонун Ысык-Көлдүн жээгинде үч күн болуп, жергиликтүү жана эл аралык ар кандай музыкага жана искусствого ээ болушту.

2021-жылдын 23-июлунан 25-июлуна чейин, Тоң айылындагы Ысык-Көлдүн жээгинде, "Homeland" коомдук фонду, Кыргыз Республикасынын Экономика жана Финансы министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин колдоосу менен, экинчи "KӨЛ ФЕСТ" эл аралык музыкалык фестивалы уюштурулат.

Фестиваль жөнүндө көбүрөөк маалыматты www.kolfest.com сайтынан жана уюштуруучулардан +996 556 331 106 телефон аркылуу алууга болот.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK