2021-жылдын 28-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого байланыштуу маалымат

2697

Урматтуу мекендештер

Малайзияда жашаган жана добуш берүүгө укугу бар бардык Кыргыз Республикасынын жарандарын 2021-жылдын 28-ноябрында шайлоо участкасына келип добуш берүүгө чакырабыз.

Мурун маалымдалгандай, Малайзиядагы шайлоо участкасы Куала-Лумпур шаарындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинде №9048 (адрес: 10 floor, Wisma Sin Heap Lee, 346 Jalan Tun Razak, 50400) жайгашкан.

Малайзиядагы Кыргыз Республикасынын жарандары бир гана мурда катталган шайлоо участкасында добуш бере алышат. Өзүңүздү https://tizme.gov.kg порталынан жогоруда аталган шайлоо участкасы боюнча шайлоочулардын тизмесинен текшерсеңиз болот.

Шайлоо участкасы жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дөн 20:00гө чейин иштейт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK