2020-жылдын 31-августунда КРнын Малайзиядагы Элчилигинде Кыргыз диаспорасы менен биргеликте, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 29 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чара болуп өттү.

3601

2020-жылдын 31-августунда КРнын Малайзиядагы Элчилигинде Кыргыз диаспорасы менен биргеликте, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 29 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чара болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө элчиликтин кызматкерлери мекендештерди жана конокторду Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттукташты. Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Элчиси А.Бекназаров 1991-жылы “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө Декларация” кабыл алынган учурда болгон тарых жана окуялар жөнүндө айтып берди. Ошондой эле, Кыргызстандын тарыхын, кооз жерлери тууралуу билими жана чет жерде жашаган жарандар үчүн Мекендин маанилүүлүгүн билүү боюнча сынактар өткөрүлдү.

Мындан тышкары, консулдук маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын жарандары менен кеңешмелер өткөрүлүп, жашап жаткан мамлекеттин мыйзамдарын жана миграция режимин сактоонун зарылдыгы жана маанилүүлүгү белгиленди.

Иш-чаранын жүрүшүндө Малайзия бийлигинин пандемия шартындагы бардык коопсуздук чаралары жана сунуштары аткарылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK