Кыргыз Республикасына келген туристтер үчүн маалымат!
2019-жылдын 10-июнунан тарта Иссык-Көл областынын Чолпон-Ата шаарында жана Бостери айылында чет өлкөлүктөрдү каттай турган көчмө борборлору өз ишин баштайт.
Алдын ала каттоого кезекке туруу төмөнкү телефондор аркылуу ишке ашырылат Члпон-Ата +996-555-600-512, Бостери +996-555-600-513. Убактылуу каттоо туруу үчүн электрондук кайрылууну онлайн-режимде берүүгө болот. Эгерде биометрикалык паспортуңуз бар болсо, анда электрондук кызмат порталында каттоого койсоңуздар болот.
Жакынкы арада VISA жана MASTERCARD банк карталары аркылуу Интернет менен төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүгү камсыз кылынат.