2022-жылдын 25-майында Кыргыз Республикасынын Румыниядагы, резиденциясы Киев шаарында жайгашкан, Элчилиги Румыниянын Экономика, ишкердик жана туризм министрлигинин Тышкы соода департаментинин башчысы С.Тоадер жана Кеңешчиси С.Салару менен жолугушту.

2431

Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык чөйрөдө эки тараптуу кызматташуунун абалы жана өнүгүү келечеги талкууланды.

Элчилик Кыргызстандын инвестициялык потенциалы, инвесторлор үчүн салык жана бажы преференциялары тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде румын тарап Кыргыз Республикасы менен соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин жана республиканын инвестициялык долбоорлорун кароого даяр экендигин баса белгиледи. Мындан тышкары, румын тарап Кыргызстандын абитуриенттери үчүн акысыз негизде министрликтин бакалавриат жана магистратура программалары боюнча стипендиялык программалар тууралуу маалымат берди.

Эки мамлекеттин ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда байланыштарды түзүү максатында ушул жылдын күзүндө кыргыз-румын бизнес форумун өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди.

  • 2022-жылдын 25-майында Кыргыз Республикасынын Румыниядагы, резиденциясы Киев шаарында жайгашкан, Элчилиги Румыниянын Экономика, ишкердик жана туризм министрлигинин Тышкы соода департаментинин башчысы С.Тоадер жана Кеңешчиси С.Салару менен жолугушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK