2022-жылдын 18-августунда Кыргызстандын Венгриядагы элчиси Талантбек Кушчубеков Мажарстандын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин Чыгыш өлкөлөрү менен кызматташууну өнүктүрүү боюнча мамлекеттик катчысынын жаңы орун басары Адам Штифтер менен жолугушту.

1061

2022-жылдын 18-августунда Кыргызстандын Венгриядагы элчиси Талантбек Кушчубеков Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин Чыгыш өлкөлөрү менен кызматташууну өнүктүрүү боюнча мамлекеттик катчысынын жаңы орун басары Адам Штифтер менен жолугушту, анын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды.

Венгриянын келе жаткан мамлекеттик майрамы – Ыйык Стефан күнүнө карата Кыргызстандын Венгриядагы элчиси Т.Кушчубеков Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Мамытовдун атынан Венгриянын Улуттук чогулушунун спикери  Л. Кёверге, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Ж.Кулубаевтин атынан Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри П.Сийяртого куттуктоо каттарын тапшырды.

Өз кезегинде статс-катчынын орун басары А.Штифтер кыргыз тарапка келе жаткан Ыйык Стефан күнү менен жылуу куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын Венгриядагы элчилиги менен мындан ары биргелешип иш алып барууга даяр экендигин белгиледи.

Маалымат үчүн: Ыйык Стефан күнү (20-август) Венгриянын негизги улуттук майрамы. Бул дата өлкөнүн биринчи падышасы, 1000-жылдын 20-августунда тактыга отурган Стивенге арналган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK