2020-жылдын 2-июлунда БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жогорку деңгээлдеги “Пандемиялар жана коопсуздук” темасында виртуалдык ачык дебаты болуп өттү

5183

2020-жылдын 2-июлунда БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жогорку деңгээлдеги “Пандемиялар жана коопсуздук” темасында виртуалдык ачык дебаты болуп өттү. Видеоконференция форматында өткөн ачык дебатка БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш, Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин (ПКК) Президенти Питер Маурер, Африка Союзунун социалдык маселелер боюнча комиссары Амир Элфадил Мохаммед, ошондой эле БУУга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын БУУдагы туруктуу өкүлү М.Молдоисаева катышты.

Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлү өз сөзүндө, коронавирус  пандемия шартында эл аралык коомчулуктун күч-аракеттерин бириктирүү, ошондой эле, дүйнөдө куралдуу чыр-чатактардын алдын алуу зарылдыгын белгиледи.

Атап айтканда, коронавирус  пандемиясы, Бириккен Улуттар Уюмунун жана анын Коопсуздук Кеңешинин борбордук ролу менен бүткүл эл аралык коомчулуктун тез арада биргелешкен күч- жана чечкиндүү аракеттерин талап кылат. Кыргыз Республикасы БУУнун Башкы катчысы А. Гутерриштин дүйнөлүк ок атууну токтотуу чакырыгын жана COVID-19 пандемиясына каршы ийгиликтүү күрөшүү үчүн эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүнү колдой тургандыгын белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлү өнүгүү кызматташтыгын күчөтүү жана айрыкча глобалдык пандемия шартында жеңилдетилген каржылоого мүмкүнчүлүктү кеңейтүү зарылдыгын белгиледи. Ал бардык өнүккөн өлкөлөрдү жана эл аралык каржы институттарын өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин карыздарын жеңилдетүү жана аларга пандемияга жооп кайтаруу жана калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүүгө үндөгөн.

Мындан тышкары, М.Молдоисаева ошондой эле COVID-19 менен күрөшүү үчүн дары-дармектерге, вакциналарга жана медициналык жабдыктарга дүйнөлүк жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу үчүн эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүнүн өзгөчө маанисин белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK