Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлү БУУнун Башкы катчысынын экономикалык жана социалдык маселелер боюнча орун басары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

4222

2020-жылдын 2-ноябрында Кыргыз Республикасынын БУУдагы туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева жана БУУнун Башкы катчысынын экономикалык жана социалдык маселелер боюнча орун басары Лю Чжэнмингдин ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүү болуп өттү.

Баарлашуунун жүрүшүндө Туруктуу өкүл Миргүл Молдоисаева өлкөдөгү учурдагы ички саясий кырдаал, анын ичинде бардык мамлекеттик институттардын толук кандуу иштеши, ошондой эле Кыргызстанда болуп өткөн парламенттик шайлоодон кийин болуп өткөн окуялар, анын ичинде улуттук бийликтин мыйзамдарына ылайык өлкөдөгү бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берилгендиги жөнүндө маалымат берди. Ошондой эле ал Башкы катчынын орун басары Лю Чжэнминди Кыргызстан 2030-жылга чейин туруктуу өнүгүүнүн күн тартибин толугу менен жүзөгө ашырууга ниеттенгендигине ишендирип, 2020-жылдын июль айында Туруктуу Өнүгүү боюнча Жогорку Деңгээлдеги Саясий Форумдун жүрүшүндө Туруктуу Өнүгүү Максаттарын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Ыктыярдуу Улуттук обзорунун презентациясын белгиледи. Мындан тышкары, Миргүл Молдоисаева коронавирус эпидемиясынын учурдагы абалын жана анын БУУга мүчө мамлекеттер үчүн социалдык-экономикалык кесепеттерин эске алуу менен Туруктуу Өнүгүү Максаттарын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасы менен БУУнун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоону калыбына келтирүү жаатында кызматташууга көңүл буруу зарылдыгын белгилеп, аларды толук ишке ашыруунун маанилүү шарты катары белгиледи.

Өз кезегинде Башкы катчынын экономикалык жана социалдык маселелер боюнча орун басары Лю Чжэнмин БУУнун жана айрыкча өзү жетектеген Экономикалык жана социалдык иштер департаментинин туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууда мүчө мамлекеттерге мындан ары да көмөктөшүүгө даяр экендигин кайталады.

Сүйлөшүүнүн акыркы бөлүгүндө Туруктуу өкүл Миргүл Молдоисаева БУУнун Башкы катчысынын орун басары Лю Чжэньминди 2020-жылдын 11-декабрында Эл аралык тоо күнүнө карата Кыргыз Республикасынын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгү уюштурган иш-чарага катышууга чакырды.
 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK