Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин делегациясынын "Азия жүрөгү - Афганистан боюнча Стамбул процесси" аттуу жогорку кызмат адамдарынын жолугушуусуна катышуусу жөнүндө

3111

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Төртүнчү саясий департаментинин директорунун орун басары - Афганистан боюнча атайын өкүлү С.Ибраев жана Тажикстан Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин Кеңешчиси М.Соорбековдон турган делегациясы 2021-жылдын 29-март күнү Дүйшөмбү шаарында «Азия жүрөгү - Афганистан боюнча Стамбул процесси» аттуу жогорку кызмат адамдарынын жолугушуусунда катышышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө процессти колдогон катышуучу өлкөлөрдүн, мамлекеттердин, эл аралык жана регионалдык уюмдардын өкүлдөрү 2021-жылдын 30-мартында Душанбе ш. «Азия жүрөгү - Афганистан боюнча Стамбул процесси» Тогузунчу Министрлер конференциясы тарабынан жактырыла турган Дүйшөмбү декларациясынын долбоорун карашты.

Жогорку кызмат адамдарынын жыйынынын жыйынтыгында макулдашылган «Тынчтык жана өнүгүү үчүн консенсусту чыңдоо» ураанындагы Душанбе Декларациясы катышуучу мамлекеттер менен коопсуздукту чыңдоо, өнүгүү процессин колдогон өлкөлөрдүн кызматташтыгын өнүктүрүүнүн, соода-экономикалык байланыштар жана аймактык интеграция боюнча конкреттүү багыттарын чагылдырат.

Маалымдама: 2011-жылдын 2-ноябрында Стамбулда «Коопсуздук жана туруктуу Афганистан үчүн аймактык коопсуздуктун жана кызматташтыктын Стамбул процесси» ураанынын астында эл аралык министрлер конференциясы болуп өткөн, ал Афганистан жана Түркия тарабынан демилгеленген (АСПАЖ)нын башталышын белгилеген. Бул процесс Афганистандын диалог жана ишенимди бекемдөө чаралары (ИБЧ) аркылуу аймактык коопсуздукка, экономикалык жана саясий кызматташтыкка көмөктөшүү максатында иштелип чыккан эл аралык форум.

Кыргызстан процесске активдүү катышат жана ИБЧ (АСПАЖ)нын 6 тобуна кирет. Афганистан башка катышуучу өлкөлөрдүн колдоосу менен ушул процесстин туруктуу тең төрагасы жана координатору болуп саналат. 2011-жылдан бери аймактын ар кайсы өлкөлөрүндө жалпысынан 8 министрлик конференциясы болуп өткөн.

Катышуучу өлкөлөрдүн жана мамлекеттердин, АСПАЖны колдогон эл аралык жана аймактык уюмдардын тизмеси менен интернеттеги төмөнкү шилтемелер аркылуу таанышууга болот:

https://www.hoa.gov.af/about-us/participating-countries.html https://www.hoa.gov.af/about-us/supporting-countries.html

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK