Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ж.Рустенбеков Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Төрагасы Р.Ахмадзода менен жолукту.

7335

2019-жылдын 28- февралында Тажикстан Республикасынын Согди облусуна караштуу Ходжент шаарында Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ж.Рустенбеков Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Төрагасы Р.Ахмадзода менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек араны тактоо жана аныктоо боюнча иштерди жандандыруу зарылдыгы боюнча бир пикирге келишти. Алар чек арага жакын жайгашкан аймактарда чатактарга жол бербөө үчүн биргелешкен иш-чаралардын маанилүүлүгүн белгилешти.

Баткен менен Согди облустарынын бийликтери ортосундагы достукту жана тыгыз кызматташтыкты белгилеп, тараптар эки облуста биргелешкен маданий жана спорттук иш-чараларды уюштуруу маселелерин талкуулады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы соода жүгүртүүнүн өсүшүн белгилеп, биргелешкен кыргыз-тажик ишканаларды түзүү маселелери боюнча эки өлкөнүн бизнес-коомчулуктарына көмөк берүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушуунун аягында тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек араны тактоо жана аныктоо боюнча иштерди тездетүү маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK