Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстан Республикасынын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин менен жолугушту

2634

2021-жылдын 8-декабрында Ташкентте “Борбордук – Азия Италия министрлеринин  экинчи жолугушуусунун алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстан Республикасынын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин менен жолугушту.

Жолугушууда кыргыз-тажик мамилелеринин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болуп, өз ара пайдалуу биргелешкен иш-чараларды мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги белгиленди.

Министрлер 2021-жылдын 21-ноябрында Дүйшөмбү шаарында өткөн министрлердин жолугушуусунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча ишти улантууну макулдашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK