Элчи Ж.Рустенбеков жаштарды өнүктүрүү маселелерге арналган "Азыр иште - келечекти жаса" деп аталган аймактык конференцияга катышты.

6374

2019-жылдын 28-мартында, Душанбе шаарында, Элчи Ж.Рустенбеков жаштарды өнүктүрүү маселелерге арналган "Азыр иште - келечекти жаса" деп аталган аймактык конференцияга катышты. Конференция Тажик парламенти, Тажикстандын жаштар жана спорт комитети, Азиялык калкты жайгаштыруу жана өнүктүрүү ассоцияция жана Бириккен Улуттар Уюмунун Калк жайгаштыруу фондунун колдоосу менен уюштурулду.

Жыйында, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине кирген өлкөлөрдөгү жаштардын коомдук жашоосуну жана иш абалы тууралуу кенен маалымат берилди. Конференцияда кыргыз тараптан Э.Сурабалдиева жана Е.Строкова, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттары катышышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK