Кыргыз Республикасына келген чет мамлекеттердин жарандарына жана жарандыгы жок адамдаргы карата COVID-19 коронавирус инфекциясын киргизүү жана жайылуусун алдын алуу боюнча иш-аракеттердин Алгоритмдеринин талаптарынын өзгөрүшү жөнүндө маалымдайт

4108

Министрлик 2021–жылдын 13–январынан тартып Кыргыз Республикасына келген чет мамлекеттердин жарандарына жана жарандыгы жок адамдаргы карата COVID-19 коронавирус инфекциясын киргизүү жана жайылуусун алдын алуу боюнча иш-аракеттердин Алгоритмдеринин талаптарынын өзгөрүшү жөнүндө маалымдайт.

Көрсөтүлгөн Алгоритмге ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандары, чет мамлекеттердин жарандары жана жарандыгы жок адамдар акыркы 72 сааттын (талдоо учурунан баштап эсептөө) ичинде жүргүзүлгөн коронавирус инфекциясы жок экендигин көрсөткөн ПЦР тесттин натыйжаларын көрсөткөндөн кийин гана Кыргыз Республикасына учууга уруксат берилет.

Кыргыз Республикасына келгенден кийин, санитардык карантиндик пункттардын (СКП) кызматкерлери чек арадан өтүп жатканда ПЦР тесттин натыйжаларын текшерет жана жүргүнчүлөр термометрия өтөт.

Учактын бортунда бортпроводниктер жүрүнчүлөргө "Кыргыз Республикасына келүүчүнүн анкетасын" беришет, ал толтуругандан кийин СКПнин кызматкерлерине тапшырылышы керек.

Учуу убактысынын узактыгы же кечеңдешине байланыштуу болгон объективдүү себептерден улам ПЦР тесттин мөөнөтүн өткөрүп жиберген учурда  (72 саат) чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар келген жеринде ПЦР тесттен өтүүсү зарыл (аэровокзалдарда).

Ошондой эле талаптар автранспорттор аркылуу Өлкөгө келип жаткан жарандарга коюлат. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын көзөмөлдөп-өткөрүү өтмөктөрүнөн «Кыргыз Республикасына келип жаткан жарандын анкетасы» толтурулат.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасындагы  чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин кызматкерлерине жана эл аралык уюмдардын кызматкерлерине (алдын ала келе тургандыгы жөнүндө ТИМ аркылуу маалымдаганда), расмий өкүлдөр тобунун мүчөлөрүнө (алдын ала келе тургандыгы жөнүндө ТИМ аркылуу маалымдаганда), эл аралык жүк ташуучу жана эл аралык жүргүнчүлөрдүн такай каттамдарынишке ашырган айдоочуларга, мектеп жашына жете элек өспүрүмдөргө (7 жашка чейин), өлкөдөгү шайлоо процессинин үстүнөн кароого катышкан эл аралык көзөмөлдөөчүлөргө  жогоруда аталган талаптар коюлбай тургандыгын Министрлик эскертет.

Ушуга байланыштуу, Министрлик,  Кыргыз Республикасына барууну алдын ала пландоону сунуштайт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK