КР Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Борбордук Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын 11-жылдык жыйынына катышты

2142

2021-жылдын 7-8-декабрында Душанбе шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Бириккен Улуттар Уюмунун Борбордук Азия үчүн алдын алуу дипломатиясы боюнча региондук борбору (БААДБРБ) тарабынан уюштурулган Борбордук Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын 11-жылдык жыйынына катышты.

Иш-чаранын башында БУУнун Башкы катчысынын Европа, Борбордук Азия жана Америка боюнча жардамчысы Мирослав Енчтин жолугушуунун катышуучуларына видеокайрылуусу тартууланды.

Иш-чаранын алкагында тараптар Борбордук Азияда пайда болгон кырдаалды, жаңы чакырыктардын жана коркунучтардын, анын ичинде Ооганстандагы акыркы окуялардын натыйжасында пайда болушун карап чыгышты, ошондой эле БААДБРБнын учурдагы ишмердүүлүгүн талкуулашты.

Өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары А.Мадмаров иш-чаранын катышуучуларына коронавирус инфекциясынын Борбордук Азия мамлекеттерине тийгизген терс таасири, анын ичинде мамлекеттер ортосундагы соода-экономикалык байланыштардын төмөндөшүнө алып келген боюнча маалымдады. Бул контекстте Борбордук Азия аймагынын ичинде калкка зарыл болгон товарларды жана кызматтарды жеткирүү чынжырчасынын үзүлүшүнө жол бербөө үчүн күч-аракеттерди консолидациялоону жана өз ара тилектештикти көрсөтүүгө чакырды.

Ошондой эле А.Мадмаров кесиптештеринин көңүлүн климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу жаңы чакырыктардын жана коркунучтардын пайда болушуна буруп, ушуга байланыштуу республика келечекте жетүүнү көздөгөн климаттык максаттарды айтып өттү. Аймактын суу-энергетикалык ресурстарын пайдалануу боюнча А.Мадмаров, Кыргыз Республикасы суу-энергетика тармагында энергетикалык ресурстарды алмашуу аркылуу узак мөөнөттүү өз ара пайдалуу кызматташтыкты орнотууну жактай турганын, бул аймактык интеграцияны гана чыңдабай турганын, бирок ошондой эле Борбордук Азиянын бүтүндөй регионун туруктуу өнүктүрүү үчүн өтө маанилүү фактор болгон парник газдарынын эмиссиясын олуттуу кыскартуусун баса белгиледи.

Иш-чаранын күн тартибиндеги негизги темалардын бири Ооганстандагы аскердик-саясий абалы начарлашуу маселеси болду. Тараптар Ооганстандагы кырдаалды тез арада турукташтыруу боюнча позицияларын билдиришип, эл аралык коомчулукту ооган элине тез арада гуманитардык жардам көрсөтүүгө чакырышты.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө Превентивдүү дипломатия академиясынын бүтүрүүчүлөрү Борбор Азия мамлекеттеринин өкмөттөрүнө эл аралык күн тартибинин маселелери, анын ичинде социалдык багыттагы маселелер боюнча кайрылууларын жасашты.

Иш-чаранын үчүнчү сессиясында БУУнун Башкы катчысынын орун басары, БУУнун Терроризмге каршы башкармалыгынын (ТКБ) жетекчиси Владимир Воронковдун видео кайрылуусу тууралуу трансляциялоо болду.

Катышуучуларга «БУУнун Борбордук Азиядагы глобалдык терроризмге каршы стратегиясынын алкагында иш-аракеттердин биргелешкен планын жүзөгө ашыруу жолунда» БААДБРБ жана БУУнун терроризмге каршы башкармалыгынын биргелешкен долбоорунун IV фазасы боюнча презентация өткөрүлдү, ошондой эле тараптар терроризмге каршы күрөшүү жана зомбулук экстремизмдин алдын алуу жаатындагы конкреттүү сунуштар менен долбоорду практикалык түрдө толтурууну талкуулашты.

Ошондой эле, иш-чарага катышуунун алкагында БУУнун Терроризмге каршы борборунун директору доктор Джахангир Хан менен эки тараптуу жолугушуу болуп, анын жүрүшүндө БУУнун ТКБ менен кызматташуу маселелери, анын ичинде чек ара коопсуздугун бекемдөө, киберкоопсуздук, чыр-чатак зоналарынан кайтып келген жарандарды репатриациялоо жана реинтеграциялоо, ошондой эле пилотсуз учуучу аппараттарды контртеррордук максаттарда колдонуу жаатындагы долбоорлор боюнча маселелер.талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK