Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Биринчи орун басары К.Салиховдун, Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Рустенбековдун жана Тажикстан Республикасынын Согди областынын төрагасынын Биринчи орун басары Б.Баходурзоданын катышуусу менен кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрү болуп өттү

6330

2020-жылдын 4-февралында Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчилигинин демилгеси менен Исфара шаарында (Тажикстан) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Биринчи орун басары К.Салиховдун, Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Рустенбековдун жана Тажикстан Республикасынын Согди областынын төрагасынын Биринчи орун басары Б.Баходурзоданын катышуусу менен кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрү болуп өткөн, алардын жүрүшүндө региондор аралык кызматташтык маселелери талкууланды.

Элчи Ж.Рустенбеков элдердин ортосундагы ишенимин бекемдөө зарылдыгын белгиледи, өзгөчө чек ара районунда. Тажик тарапка кыргыз-тажик бизнес-форумун өткөрүү сунушталды. Баткен жана Согдий областарынын чектешкен райондорунда биргелешкен айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана башка тармактардагы ишканаларды түзүү мүмкүнчүлүгү талкууланды.

Тараптар 2020-жылы Кыргыз Республикасынын Баткен областынын жана Тажикстан Республикасынын Согди областынын чек арага чектеш райондорунда биргелешип өткөрүү боюнча бир катар маданий-массалык жана спорттук иш-чараларды, атап айтканда: көк-бөрү (бозкаши) боюнча достук матчы; жаштар арасында футбол турнири; театралдык фестивалы, кыргыз жана тажик эстрадаларынын концертин өткөрүү, Тажикстанда Ч. Айтматовдун чыгармалары боюнча тартылган кинотасмаларды көрсөтүү жумалыгы талкуулаган.

Туризмди өнүктүрүү тармагында Ж.Рустенбеков 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгында Баткен шаарында Кыргызстандын жана Тажикстандын Туристтик бизнес-форумунун Экинчи раундунун өтүшү пландалып жаткандыгын белгиледи. Кыргыз тарап тажик тарап бул иш-чарага активдүү катышарына ишеним билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK