Украинанын жогорку окуу жайларында чет өлкөлүк жарандарды окутуу шарттарынын өзгөргөндүгү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилигинин 2019-жылдын 1-апрелиндеги маалыматтык билдирүүсү

6570

Украинанын жогорку окуу жайлары (ЖОЖ) мындан кийин чет өлкөлүк жарандарды окутуу үчүн лицензияга ээ болуусу шарт. Аны менен бирге, чет өлкөдөн келген окуучуну ЖОЖ жатакана менен камсыз кылууга жана чет өлкөлүк жарандын Украинанын аймагында мыйзамдуу түрдө калууга, чакыруу жөнөтүүгө милдеттүү экендигин билдиребиз. Чет өлкөлүк жарандарды окутууга уруксат берген лицензияны алуунун дагы бир шарты окуу жайдын мугалимдери чет тилди билүүсү шарт.

Көңүл бургула, 2016-жылы онлайн портал ачылган, ага ылайык, ар бир чет өлкөлүк жаран интернет аркылуу кайсы ЖОЖго тапшырууга жана андагы окуу шарттары кандай экендигин биле алат (порталга шилтеме: http://studyinukraine.gov.ua/study-in-ukraine/universities/). ЖОЖго өткөрүп берем деп жалган айткан алдамчылардан сак болуу үчүн, Элчилик дал ушул шилтемеде көргөзүлгөн маалыматты колдонууну сунуштайт.

2019 жылы Украинанын Билим берүү жана илим министрлиги Украиналык мамлекеттик эл аралык билим берүү борбору менен бирге Украинанын аймагында билим алып жаткан чет өлкөлүк жарандар үчүн бекер StudyPass аттуу электрондук системаны ишке киргизди (http://site.studypass.intered.com.ua/en.html). Аталган система аркылуу чакыруунун номери менен билим алуу максатында келген чет өлкөлүк жаран ЖОЖ тууралуу (окутуу түрү, байланыш телефондору, билим алуу акысы ж.б.у.с.) толук маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK