2020-жылдын 20-июнунда Элчиликте Кыргыз Республикасынын жарандарын жана Малайзиядагы Кыргыз Республикасынын диаспорасын чакыруу менен жолугушуу өттү.

4388

2020-жылдын 20-июнунда Элчиликте Кыргыз Республикасынын жарандарын жана Малайзиядагы Кыргыз Республикасынын диаспорасын чакыруу менен жолугушуу өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Элчиси А. Бекназаров COVID-19 дүйнөлүк коронавирус инфекциясынын пандемиясынан улам, эл аралык аба каттамдарынын токтотулушуна байланыштуу, Малайзияда калган жарандарды кайтаруу маршрутун уюштуруу жана иштеп чыгуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу тиешелүү кеңештерди жана суроолорго жоопторду берди.

Мындан тышкары, Малайзияда жүргөн жана оор кырдаалга туш болгон Кыргыз Республикасынын жарандарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бөлүнгөн материалдык жардам көрсөтүлдү. Ошондой эле, консулдук маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын жарандары менен консультациялар өткөрүлдү.

Ошону менен бирге, Элчилик Кыргыз Республикасынын жарандары менен ар дайым байланышта болуп, өз компетенциясынын чегинде жардам көрсөтүүдө. Анын ичинде, Малайзия аймагында болуу жана кабыл алуучу өлкөнүн мыйзамдарын сактоонун зарылдыгы жана маанилүүлүгү жөнүндө маселелер боюнча.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK