Консулдук каттоо

Кыргыз Республикасынын Швейцария Конфедерациясындагы Элчилиги анын консулдук аймагында жашап келген Кыргызстандын жарандарынын эсебин жүргүзөт.

Кыргызстандын Швейцариядагы узак мөөнөттөгү кызмат иш сапарындагы, жана консулдук аймактагы жеке иштери менен барган (окуу, дарылануу, контракт менен иштөө, ишкердик иш чаралар менен, туугандарга конокко баруу жана башка жеке иштер) жарандар консулдук каттоого алынат.

Кыргыз Республикасынын сыртта жүргөн жарандардын укугун мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын жана укугун коргоо, Кыргызстандын жарандарын Элчилик тарабынан натыйжалуу тейлөө максатында Консулдук каттоо иш жүзүнө ашат.

Кыргыз Республикасынын консулдук аймакка жашоого келген жарандарын консулдук каттоого орнотуу ыктыярдуу негизде ишке ашырылат.

Консулдук аймакта жашаган жарандарды каттоодон чыгаруу  алардын арызы боюнча ишке ашырылат. жана чет өлкөгө чыгуу паспортуна “Каттоодон чыкты” штампы (күнү, колу, мөөр) коюлат.

Консулдук каттоого туруу үчүн элчиликтин наамына төмөнкү документтерди жөнөтүү зарыл:

  1. Белгиленген формадагы арыз Link to file
  2. Каттоо карточкасы Link to file
  3. Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту
  4. 3х4 өлчөмүндөгү бир даана түстүү сүрөт 
  5. Консулдук каттоодон чыгуу арызы Link to file