Кыргыз тараптын демилгеси менен, Кыргыз Республикасынын БУУдагы жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Д.Мукашевдин Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) Башкы директору А.Виторино менен онлайн-режиминде жолугушуусу болуп өттү.

3278

2021-жылдын 1-мартында, кыргыз тараптын демилгеси менен, Кыргыз Республикасынын БУУдагы жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Д.Мукашевдин Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) Башкы директору А.Виторино менен онлайн-режиминде жолугушуусу болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү Д.Мукашев ЭМУнун башкы директоруна уюмдун Кыргызстанга миграция жаатында көрсөтүлүп жаткан ар тараптуу жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Д.Мукашев Кыргызстандын жарандарынын миграциясы, алардын социалдык жана укуктук корголушун камсыз кылуу биздин мамлекет үчүн эң приоритеттүү маселелердин бири болуп саналгандыгын белгилели. Ушул жагдайда Д.Мукашев ЭМУнун Башчысына Кыргызстанда жүрүп жаткан миграция саясатын реформалоо жөнүндө; өлкөгө кайтып келген эмгек мигранттарынын адаптациялануусу жана реинтеграциялануусу боюнча чараларды көрүү, ошондой эле ата-энеси эмгек миграциясында болгон балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу боюнча чараларына өзгөчө көңүл буруп, өлкөдөгү миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды көрүү жөнүндө маалымат берди.

Өз кезегинде, ЭМУнун башкы директору А.Виторино Кыргызстанда миграциялык кырдаалды жакшыртууга жүргүзүлүп жаткан реформаларды позитивдүү түрдө белгилеп жана ЭМУнун өз ишинин алкагында  Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине тышкы миграция маселелерин өткөрүп берүүнү эске алуу менен, Кыргызстанга ар тараптуу техникалык, эксперттик жана гуманитардык жардамдарды көрсөтөт деп ишендирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө миграция жаатындагы эки тараптуу кызматташуу маселелери, заманбап чакырыктар, ошондой эле миграциялык процесстердин натыйжасында келип чыккан тобокелдиктерди азайтуу механизмдерин табуу жолдору боюнча пикир алмашуу болду.

Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлү Д.Мукашев, Эл аралык миграция уюмунун миграция чөйрөсүндөгү жетектөөчү ролун баса белгилеп, тараптардын эки тараптуу кызматташтыгынын жогорку деңгээлин эске алуу менен, Эл аралык уюмдун Башкы директорунун жакынкы келечекте Кыргызстанга иш сапарын уюштурууга кызыкдар экендигин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK