Женевадагы БУУ кеңсесиндеги жана башка эл аралык уюмдардын алдындагы он эки мамлекеттин Туруктуу өкүлчүлүктөрү, анын ичинде Кыргыз Республикасы, Интеллектуалдык менчик дүйнөлүк уюмунун фойесинде биргелешип Эл аралык Нооруз күнүн майрамдоого арналган иш-чара өткөрүштү.

1840

2022-жылдын 1-апрелинде Женевадагы БУУ кеңсесиндеги жана башка эл аралык уюмдардын алдындагы он эки мамлекеттин Туруктуу өкүлчүлүктөрү, анын ичинде Кыргыз Республикасы, Интеллектуалдык менчик дүйнөлүк уюмунун фойесинде биргелешип Эл аралык Нооруз күнүн майрамдоого арналган иш-чара өткөрүштү.

Женевадагы дипломатиялык корпустун 400дөн ашуун өкүлү катышкан иш-чарада Кыргызстан, Ооганстан, Азербайжан, Индия, Иран, Ирак, Казакстан, Пакистан, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстан жана Өзбекстандын миссиялары түрдүү улуттук тамак-аштарды тартуулашты, ошондой эле аталган өлкөлөрдүн маданий, экономикалык жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу видеороликтерди көргөзүштү.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн уюштуруучу мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү мамлекеттердин элдерин Нооруз майрамы менен куттуктап, БУУнун Башкы Ассамблеясынын 2010-жылдын 23-февралындагы резолюциясында 21-мартты Эл аралык Нооруз күнү деп жарыяланышын жана бул майрамдын дүйнөлүк маданий маанисин баса белгилешти, ошондой эле бардык элдерди тынчтыкка жана ынтымакка чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK