Элчи Омар Султанов Швейцариянын Тышкы иштер федералдык департаментинин протокол башчысы Беатрис Шаер айымга ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн тапшырды

799

2022-жылдын 19-декабрында Кыргыз Республикасынын Швейцария Конфедерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи Омар Султанов Швейцариянын Тышкы иштер федералдык департаментинин Протокол кызматынын башчысы Беатрис Шаер айымга ишеним каттарынын көчүрмөсүн тапшырды.

Элчи Б.Шаер О.Султановду кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын кыргыз-швейцариялык мамилелеринин өнүктүрүүдө алдыдагы ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады, ошондой эле жакында Швейцария Конфедерациясынын шайланган Президенти Ален Берсе мырзага ишеним каттарды тапшыруу аземи тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле О.Султанов Швейцариянын Тышкы иштер министринин орун басары жана консулдук кызматынын директору Йоханнес Матясси мырза менен жолугуп, Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы мамилелерди мындан ары алдыга жылдыруу маселелерин талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK