Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы Кызматташтык комитетинин кезектеги 17-жыйыны видеоконференция форматында өттү 25/03/2021159

3570

2021-жылдын 25-мартында Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы Кызматташтык комитетинин кезектеги 17-жыйыны видеоконференция форматында өттү. Кыргыз Республикасынын делегациясын тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров, Европа Биримдигинин делегациясын Европа тышкы иш-аракеттер кызматынын Россия, Чыгыш өнөктөштүгү, Борбордук Азия жана ЕККУ боюнча башкармалыгынын башчысы Люк Девин жетектешти.

Тараптар өз ара ишенимдүү диалог форматында Комитеттин 2019-жылдагы жолугушуусунун алкагында жана Covid -19 пандемиясын эске алуу менен, Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдиги ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу деңгээлдердеги кызматташтыгынын маселелерин талкуулашты. Ошондой эле 2021-жылы Бишкекте өтө турган Европа Биримдиги – Борбордук Азия экономикалык форумун уюштуруунун жана өткөрүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.

Жолугушууда, ошондой эле мыйзамдуулук, демократиялык процесстер, жарандык эркиндик, адам укуктары, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик секторун реформалоо, экология жана курчап турган чөйрөнү коргоо, экономикалык реформалар, сот реформасын ишке ашыруу, 2021-жылы боло турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоо маселелери, коррупцияга каршы күрөш, соода жана инвестиция боюнча чакан комитетинин 18-жыйынынын жыйынтыктары, Кыргыз Республикасы-Европа Биримдиги өнүктүрүү жана кызматташтык боюнча чакан комитетинин 3-жыйыны башка маселелерди талкуулушты.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыгынын бардык спектрин өнүктүрүүнүн, анын ичинде Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы долбоордук жана программалык ишмердүүлүгүнүн алкагында кызматташууну улантуунун зарылдыгын белгилешти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK