Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Борбордук Азия-Европа Бирлиги форматындагы саясий жана коопсуздук маселелери боюнча Жогорку деңгээлдеги диалогунун 11-жыйынына катышты

285

2024-жылдын 5-июнунда Брюссель шаарында Борбордук Азия-Европа Бирлиги форматындагы Жогорку деңгээлдеги Саясий жана коопсуздук диалогунун 11-жыйыны орун алып, ага Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин орун басарлары жана Европанын тышкы аракеттер кызматынын башкы катчысынын орун басары катышты. Кыргыз Республикасынын делегациясын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев жетектеди.

Диалогдун жүрүшүндө катышуучулар Жакынкы Чыгыштагы, Украинадагы жана Ооганстандагы кырдаалга өзгөчө көңүл буруп, глобалдык жана аймактык коопсуздукка байланышкан маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча пикир алышты.

2023-жылы Люксембургда тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде кабыл алынган Борбордук Азия менен Евробирликтин ортосундагы байланыштарды тереңдетүү боюнча Биргелешкен Жол картасын ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулап, тараптар аны натыйжалуу ишке ашыруу үчүн мындан аркы чараларды көрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Ушуга байланыштуу Кыргыз тарап соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүнү мындан ары жогорулатуунун өзгөчө маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Кыргыз делегациясынын башчысы Европа Бирлигинин долбоордук жана программалык иш-чараларынын натыйжалуулугун, анын ичинде «БОМКА/КАДАП» жана «ЛЕЙКА» сыяктуу негизги аймактык программаларды белгиледи. Ошол эле учурда, экологиялык жана энергетикалык коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Ушуга байланыштуу европалык өнөктөштөрдүн көңүлүн өлкөнүн гидроэнергетика тармагындагы чоң инвестициялык потенциалына бурулду.

Диалогдун программасынын алкагында А.Молдогазиев ошондой эле Борбордук Азия-Европа Бирлиги форматындагы кошумча иш-чарага катышып, анда тараптар терроризмге, экстремизмге, радикализмге жана баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү маселелерин талкуулашты, ошондой эле мындан мурун орун алган Коопсуздук боюнча ЕБ-Борбор Азия эксперттик конференциясынын жыйынтыктары тууралуу маалымат менен тараптар ой-пикир алмашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK