Бельгия Королдугунда “Нооруз” майрамына карата салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлдү

4525

Бельгия Королдугунда Нооруз маймарына арналган эки күндүк салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлдү.

2019-жылдын 23-мартында Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы Элчилиги тарабынан  мини-футбол турнири уюштурлуп, мелдеш Бенилюкс жана Францияда жашап жаткан Кыргызстандын мекендештерибиздин катышуусунда болуп өттү.

Аталган иш-чарада Кыргыз Республикасынын Бенилюкс жана Франция мамлекеттериндеги Убактылуу ишенимдүү өкүлү Р.Бекболотов мекендештерибизди Нооруз майрамы менен куттуктап, өткөрүлүп жаткан  турнирлер мекендештерибиздин ортосунда достук мамилелердин бекемделишине жана жаны колдоолордун түзүлүшүнө жакшы мүмкүнчүлүктөрдү береерин баса белгиледи.

Бул иш-чара  Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы Ардактуу консулу П.Маселиситин каржылоосунун негизинде өткөрүлдү.

2019-жылдын 24-мартында Брюссель шаарында БОЗАР көркөм өнөр борборунда Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы Элчилиги Азербайджан, Афганистан, Иран, Казахстан, Таджикистан, Өзбекстан, Түркия мамлекеттери жана ЮНЕСКО, ТЮРКСОЙ жана Европалык институттардын өкүлдөрү менен биргеликте “НООРУЗ” майрамын белгилөө аземине катышуусу болуп өттү.

Уюштурулган иш-чаранын алкагында көрүүчүлөргө түрк элдеринин маданияты, улуттук кол өнөрчүлүк буюмдары, катышуучу мамлекеттердин улуттук тамак-аштары көргөзүлүп, белгилүү улуттук артистердин концерти менен коштолду.

Кыргыз Республикасынын Элчилигинин стенди көрүүчүлөр тарабынан өзгөчө кызыгуу жаратканы байкалды.

Элчиликтин кызматкерлери жана аталган иш-чарага катышкан өнөктөштөр – «Кыргыз Мурас» жана «Номадстан» компаниялары жана ошондой эле «Кыргыз Салам» бирикмеси тарабынан келген конокторго  кыргыз элинин улуттук тамак-аштары, элдик кол-өнөрчүлүк буюмдары менен тааныштырып Кыргыз Республикасынын туристтик жана инвестициялык кызыктуулгу тууралуу брошюралары таратылып берилди.

Нооруз майрамынын алкагында уюштурулган майрамдык концертке атайын Кыргыз Республикасынын элдик артисти Роза Аманова чакырылып, сахнада өз чыгырмачылыгы менен концерттин катышуучулары тарабынан чоң ийгиликтерге ее болду.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчылары Бозар борборунун жетекчилиги менен жыл сайын ушул сыяктуу иш-чараларды биргеликте өткөрүүсү тууралуу чечимге келишти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK