2019-жылдын 14-майында Кыргыз Республикасынын Бельгиядагы Элчиси М.Джумалиев жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Садык Шер-Нияз жана Каныбек Иманалиев Франция мамлекетинде жашап жаткан мекендештер менен жолукту.

4577

Жолугушуу учурунда М.Джумалиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Тышкы иштер министрлиги тарабынан чет өлкөдөгү Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын коргоого багытталган иш-чаралардын өткөрүлүп жаткандыгы тууралуу маалымдап жана ошондой эле КР Өкмөтү тарабынан Париж шаарында дипломатиялык өкүлчүлүктү ачуу тууралуу чечимди кабыл алынгандыгын билдирип кетти.

Азыркы учурда франция тарабы менен протоколдук-уюштуруу суроолору каралып, аталган чечимди ишке ашыруу боюнча иштер жүрүп жаткандыгын белгиледи.

Франциядагы кыргыздардын диаспорасына Брюссель ш. Кыргыз Республикасынын Элчилиги менен тыгыз байланышта болуусуна жана маданий-гуманитардык иш чараларды биргеликте өткөрүү маселесине өзгөчө көңүл бөлүндү.

Диаспора тарабынан Брюссель ш. КР Элчилигинин жаңы консулунун иши боюнча каалоолор айтылды, тактап айтканда Париж шаарында квартал сайын консулдук күндөрдү өткөрүп турууну белгилешти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK