Укуктук базасы

Кыргыз Республикасынын жана Белгия Королдугу ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 25-мартында түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгы жарыялангандан кийин, 1994-жылдын июнь айында Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевдин Брюссель ш. иш сапарынын алкагында, алгачкы эки тараптуу кыргыз-белгиялык документине – Биргелешкен Декларацияга кол коюлган. Кыргыз-Белгиянын укуктук база 4 келишимден турат.

2012-жылдын 22-24 октябрында Бишкек шаарында Бишкек жана Льеж ортосунда тууган шаар мамилелерди түзүү жонундо макулдашууга жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жана Валлония тышкы саясат жана инвестициялар боюнча агенттиги «AWEX» ортосунда экомикалык кызматташуу жана окуу жонундо Техникалык меморандумга кол коюлган.

2015-жылдын март айында Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевдин Брюссель шаарына болгон иш сапарынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Белгиянын саламаттык сактоо фондунун ортосунда Саламаттык сактоо тармагында кызматташуу тууралуу Меморандумга кол коюлган.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жана Белгия Федералдык коомдук кызматынын ортосундагы кызматташуу боюнча келишим долбоору даярдалган. Бирок, белгиялык тарап жогоруда аталган документке Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевдин 2015-жылдын март айында болгон иш сапары убагында кол койууга даярдыгын билдирген жок. 23-сентябрда Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы Элчилиги жооптуу Белгиянын тышкы иштер министрлигинин директору менен жолугушуу учурунда келишимге кол кийинкиге калтыруу жөнүндө сунуш жасады. Бельгия тарабынын жообу күтүлүүдө.

Дипломаттык паспорттордун ээлери үчүн виза режимин алып салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын жана Бенилюкс өлкөлөрү ортосундагы келишимге кол коюу маселеси демилгеленген. Азыркы учурда, жогоруда аталган келишимдин долбоору Бенилюкс өлкөлөрү тарабынан каралып жатат.