2019-жылдын 28-майында Брюссель шаарында кезектеги Европа Биримдиги жана Борбордук Азия саясат жана коопсуздук суроолору аттуу жогорку деңгээлдеги Диалогу болуп өттү

6423

2019-жылдын 28-майында Брюссель шаарында кезектеги Европа Биримдиги жана Борбордук Азия саясат жана коопсуздук суроолору аттуу жогорку деңгээлдеги Диалогу болуп өттү.

Отурумда ЕБ делегациясын Европанын тышкы байланыштар кызматынын башкы катчысынын орун басары Ж.К.Белльяр, ал эми Кыргыз Республикасынын делегациясын Тышкы иштер министринин орун басары А.Мадмаров жетектеди.

Аталган отурумга Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Ооганстандын (делегациялары) өкүлдөрү катышып, отурум Тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде өттү.

Отурумдун күн тартибине эл аралык жана аймактык коркунучтарга туруштук берүү тууралуу маселелери киргизилип, анын ичинде терроризм, радикализм, экстремизм, ЕБ жана БА мамлекеттери менен бирге чек араларды башкаруу, ЕБнин “БОМКА”, “КАДАП”, "EU-ACT" программаларынын алкагында бангизат менен күрөшүү, Ооганстандын учурадагы коопсуздук чөйрөсүндөгү кырдаалы жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Ооганстан менен аймактык кызматташуу механиздери тууралуу суроолору талкууланды.  

Ошондой эле, отурум жүрүшүндө тарапттар Борбордук Азия боюнча Европа Биримдигинин Стратегиясын ишке ашыруусу талкууланып, билим берүү, соода-экономика, транспорт, айлана-чөйрө жана суу ресурс маселелери боюнча кызматташуунун натыйжалуулугун жогорулатуусу тууралуу сунуштары айтылды.  

Делегация башчылары Бишкек шаарында боло турган Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Тышкы иштер министрлери жана Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Ф.Могерини менен кезектеги жолугушуусуна чоң маани берилип жаткандыгын белгилешип, ошондой эле, жолугушууда Европа Биримдиги Борбордук Азия менен кызматашуунун жаңы Стратегиясын тартуулайт. 

Отурумдун баардык катышуучулары терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүүдө Европа Биримдиги, Борбордук Азия жана Ооганстандын биригүүсү маанилүү экендигин жана Борбордук Азияда “БОМКА” программасынын 9-фазасы жана “КАДАП” программасынын 6-фазасы ишке ашырылгандыгын жакшы белгилешип, Европа Биримдигинин бангизат жана уюштурулган кылмыштуулук менен күрөшүүгө багытталган “EU-ACT”  долбоорун ишке ашыруу боюнча потенциалдуу багыттарын талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK