«Кыргызстан көчмөндөрдүн жана асман тиреген тоолордун өлкөсү»

199

2023-жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын Бельгиядагы жана Европа Биримдигиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Эркин кеңири масштабдагы дипломатиялык иш-чарага – Брюсселдин дипломатиялык корпустун жана урматтуу коноктордун, анын ичинде Принц Лоран, катышуусу менен өткөрүлгөн дипломатиялык кабыл алууга катышты.

Дипломатиялык кабыл алуу Castle Ter Ham сарайында уюштурулуп, Кыргыз Республикасынын Элчилиги тарабынан даярдалган “Кыргызстан көчмөндөрдүн жана асмандагы тоолордун өлкөсү” деген макала жарыяланган “Diplomatic World” журналынын юбилейдик 70-чи санын чыгарылышына арналган.

Иш-чаранын коноктору Кыргызстандын туристтик потенциалы, жайкы, кышкы, тоо жана этникалык туризмдин жагымдуулугу менен таанышууга, ошондой эле кыргыздын улуттук ашканасынын, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Монголиянын ашканасынын даамдарынан даам татуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK