«Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы Элчилиги Брюсселде Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнүн 30 жылдыгын белгиледи»

222

2023-жылдын 13-майында Кыргыз Республикасынын Бельгиядагы Элчилиги Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган иш-чара өткөрдү. Майрамдык салтанатка Бельгия, Люксембург жана Нидерландыдагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү катышты.

Аталаган иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Бельгиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси А.Эркин сөз сүйлөп, эгемен Кыргызстандын курулушундагы эң маанилүү этаптарды белгиледи.

Ушуну менен бирге, «Конституциянын кабыл алынганына 30 жыл, анын кабыл алынуу тарыхы жана Кыргызстандагы конституциялык түзүлүштүн өнүгүшү» жөнүндө видеоролик көрсөтүлдү.

Мындан тышкары, элчилик диаспоранын демилгеси менен Брюсселге сатылып алынган жана жеткирилген улуттук боз үйдүн бет ачарын өткөрдү, ошондой эле Кыргызстандын маданий мурастарын жайылтуудагы мекендештердин сиңирген эмгегин баса белгиленди.

Жыйынтыгында иш-чаранын коноктору үчүн эгемендүү Кыргызстандын Бенилюкс өлкөлөрүндөгү биринчи элчиси, залкар жазуучу Ч.Т.Айтматовдун 95 жылдык мааракесине майрамдоого карата кабинет-музейи менен таанышуу уюштурулду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK