КРнын Малайзиядагы Элчилигинде Кыргыз диаспорасы менен биргеликте, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 31-жылдыгын майрамдоого арналган иш-чара болуп өттү
2022-жылдын 03-сентябрнда КРнын Малайзиядагы Элчилигинде Кыргыз диаспорасы менен биргеликте, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 31-жылдыгын майрамдоого арналган иш-чара болуп өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө элчиликтин кызматкерлери мекендештерди жана конокторду Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттукташты. Мындан тышкары, консулдук маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын жарандары менен кеңешмелер өткөрүлүп, жашап жаткан мамлекеттин мыйзамдарын жана миграция режимин сактоонун зарылдыгы жана маанилүүлүгү белгиленди.