Малайзиянын туристтик компаниялар жана туроператорлор үчүн Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүгө багытталган көргөзмө болуп өттү

1871

2022-жылдын 14-июнунда Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Элчилиги жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Алтынчы саясий департаменти менен биргеликте Кыргызстандын туристтик потенциалы тууралуу онлайн презентация болуп өттү. Презентацияга Кыргызстандын туристтик агенттиктери жана Малайзиянын туристтик агенттиктер ассоциациясынын вице-президенти баштаган Малайзиядагы 70тен ашык туристтик компаниялар катышты.

Бет ачардын жүрүшүндө малайзиялык турагенттерге Кыргызстандын маданияты жана тарыхы, туризмдин кышкы жана жайкы түрлөрү, чет өлкөдөн келген коноктор үчүн Ысык-Көлдүн жээгинде эс алуу мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле Малайзиянын жарандары жана Малайзиянын аймагында жашаган башка мамлекеттердин жарандарына Кыргыз Республикасына кирүү үчүн визалык режим тууралуу кеңири маалымат берилди.

Жолугушуунун катышуучуларына Кыргызстандын жаратылышы, кооз жерлери жана кыргыз элинин каада-салты тууралуу видеороликтер көрсөтүлдү. Презентациянын жыйынтыгында Кыргызстан менен Малайзиянын туризм секторунун өкүлдөрү мындан аркы кызматташуу үчүн байланыштар менен алмашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK