Элчилигинин маалыматтык билдирүүсү

2073

2022-жылдын 2-февралында Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги тарабынан Кыргыз жараны Ж.С., мекенине кайтарылды.

Маалымат үчүн: Ж.С. 2010-жылы Индонезиянын Бандунг шаарындагы аэропортто тыюу салынган заттарды сактагандыгы үчүн кармалып, акыры Индонезиянын Жогорку соту тарабынан 12 жылга эркинен ажыратылган. 2019-жылы Ж.С. шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулган.

Шарттуу түрдө бошотуу мөөнөтү аяктагандан кийин, Элчилик Индонезиянын компетенттүү органдары менен биргеликте Ж.С ны Кыргыз Республикасына депортациялоо үчүн керектүү документтерди даярдаган.

Ошентип, Элчилик менен Индонезиянын тиешелүү органдарынын, ошондой эле жеке Ж.С. менен тыгыз байланышта болуу оң натыйжа берип, КРнын жараны Ж.С. өз убагында жана кечиктирбестен 2022-жылдын 31-январында Кыргызстанга жөнөтүлүп, 2022-жылдын 2-февралында мекенине келген.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK