Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Атай Наматбаев малайзиялык ишкерлерди Кыргыз Республикасындагы өз ара пайдалуу долбоорлорго инвестиция салууга чакырды.

337

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Атай Наматбаев Малайзиянын «Түштүк-Түштүк» Ассоциациясы жана Малайзиянын Эксимбанкы тарабынан 40 компаниянын катышуусунда уюштурулган бизнес-брифингде сөз сүйлөдү.

Презентациянын жүрүшүндө А.Наматбаев Кыргыз Республикасынын энергетика, туризм, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы, бөтөлкөдөгү сууну өндүрүү, маалымат технологиялары жана саламаттыкты сактоо тармагындагы соода, экспорттук жана инвестициялык потенциалы тууралуу маалымат берди. Буга байланыштуу кыргыз дипломаты малайзиялык ишкерлерди Кыргыз Республикасындагы өз ара пайдалуу долбоорлорго инвестиция салууга чакырды.

Малайзиянын Эксимбанкынын президенти Аршад Исмаил өз кезегинде катышуучуларды инфраструктуралык долбоорлорго инвесторлорду тартуу, ошондой эле экспорттук-импорттук саясатты колдоо аркылуу кызматташууну бекемдөө жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн рынокторуна чыгуу пландары тууралуу маалымат берди. Ошону менен бирге Кыргызстанга карата малайзиялык тарап айыл чарба, телекоммуникациялар, финансы, минералдык ресурстар, мал чарбачылыгы, туризм, кайра жаралуучу энергия булактары, металлургия, инфраструктура жана маалымат технологиялары боюнча инвестициялык кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында А.Наматбаев малайзиялык компаниялардын, «Түштүк-Түштүк» Ассоциациясынын жана Малайзиянын Эксимбанкынын өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү, анын жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасына инвестиция тартуу боюнча консультацияларды улантууга макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK