Кыргызстан Малайзияда өтүп жаткан MATTA FAIR-2023 эл аралык туристтик көргөзмөдө катышууда

351

Малайзияда 17-марттан 19-мартка чейин Куала-Лумпур шаарында өткөн MATTA FAIR-2023 эл аралык туристтик көргөзмөдө Кыргыз Республикасы биринчи жолу көрсөтүлдү.

Кыргыз павильону Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилигинин активдүү көмөгү менен Кыргыз Республикасынын Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду тарабынан уюштурулган.

Үч мейманкана жана эки туроператордун катышуусунда Кыргыз Республикасынын делегациясын Фонддун президенти Елена Калашникова жетектеди. Көргөзмөнүн жүрүшүндө бир катар B2B жолугушууларды өткөрдү. Бардык катышуучуларга жана конокторго түстүү саякат материалдары көрсөтүлгөн.

MATTA FAIR-2023 көргөзмөсүнүн алкагында 100дөн ашык чет элдик компаниялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда туристтик бизнес-форум да өттү.

Малайзиялык тараптан Малайзиянын туристтик агенттиктер жана туроператорлор ассоциациясынын президенти Тан Кок Лян жана Малайзиянын Эл аралык соода-өнөр жай палатасынын аткаруучу директору Шон Эдвард Чих катышты.

Мындан тышкары, Малайзиянын туризм, искусство жана маданият министри Дато Сри Тионг менен эки жолугушуу – расмий ачылышында жана павильондорду кыдыруу учурунда өткөрүлдү. Аны менен Кыргыз Республикасынын Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун кызматкерлери пикир алмашышты. Соңунда аларды күзүндө Малайзияга халал туризм көргөзмөсүнө келүүгө чакырышты.

Форумдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү Атай Наматбаев куттуктоо сөзүн сүйлөп, ал инвестициялык кызматташтыкты арттыруунун мүмкүнчүлүктөрүнө кыскача токтолуп, малайзиялык инвесторлорду кыргыз компаниялары менен өз ара пайдалуу кызматташууга чакырды.

Иш-чаранын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду менен Малайзиянын туристтик агенттиктер жана туроператорлор ассоциациясы, ошондой эле үч малайзиялык туристтик компаниянын ортосунда кызматташуу боюнча төрт Меморандумга кол коюлду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK