Элчиси Алтынбек Жумаев Малайзиянын Тышкы иштер министрлигинин Протокол департаментинин жетекчиси Мохд Айни Атан мырзага Ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды

158

2023-жылдын 8-августунда Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Алтынбек Жумаев Малайзиянын Тышкы иштер министрлигинин Протокол департаментинин жетекчиси Мохд Айни Атан мырзага Ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырганын маалымдайбыз.

Жолугушуунун жүрүшүндө Малайзиянын Тышкы иштер министрлигинин Протокол департаментинин башчысы М.А.Атан Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Жумаевди тосуп алып, аны кызматка расмий киришүүсү менен куттуктады. Ал эки тараптуу кызматташуунун бардык аспектилери боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө үмүттөнөрүн билдирди.

Өз кезегинде Элчи А.Жумаев маектешине ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырууга жана Кыргыз Республикасы менен Малайзиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулоого мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди. Ал өз кезегинде эки мамлекеттин кызыкчылыгында өз ара пайдалуу саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты жигердүү өнүктүрүүгө бардык күч-аракетин жумшай турганын белгиледи.

Жолугушуу конструктивдүү жана достук маанайда өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK