Элчи А.Жумаевдин Ишеним грамоталарын тапшыруу расмий аземи

204

2023-жылдын 17-августунда Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Алтынбек Жумаевдин Ишеним грамоталарын тапшыруу расмий аземи «Истана Негара» Королдук сарайында өттү.

Ишеним грамоталарын тапшыргандан кийин Малайзиянын Королу Султан Абдулла Риаятуддин Аль-Мустафа Билах Шах жаңы келген Элчилердин урматына кабыл алуу аземин уюштурду. Корол А.Жумаевди жылуу тосуп алып, Кыргыз Республикасы менен ар тараптуу тармактарда, анын ичинде соода, инвестиция, туризм жана билим берүү багыттарында кызматташууну кеңейтүү ниетин билдирди.

Элчи А.Жумаев өз кезегинде Малайзиянын Королуна жана элине Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун ысык саламын жеткирип, ошондой эле кыргыз-малайзиялык мамилелерди жогорку деңгээлде бекемдөөгө болгон күч-аракетин жумшоого даяр экендигин билдирди.

  • 2023-жылдын 17-августунда Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Алтынбек Жумаевдин Ишеним грамоталарын тапшыруу расмий аземи «Истана Негара» Королдук сарайында өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK