Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Т.Жумалиев малайзиялык «ORM SDN. BHD” компаниясынын башчысы Ир Ли менен жолугушту

191

2023-жылдын 18-декабрында Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Т.Жумалиев менен малайзиялык «ORM SDN. BHD” компаниясынын башчысы Ир Ли менен жолугушуу ѳткѳрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери, атап айтканда, бал жана жаңы мөмө-жемиштерди Кыргыз Республикасынан Малайзияга экспорттоо, ошондой эле аларды Малайзияга мындан ары импорттоо максатында Кыргызстанда өстүрүү мүмкүнчүлүгү талкууланды. Кыргызстандын айыл чарба продукциясынын, анын ичинде жогоруда аталган продукциянын экспорттук потенциалы, ошондой эле Кыргызстандын эркин экономикалык аймактарынын аймагында биргелешкен ишканаларды ачуу аркылуу Кыргызстандын экономикасына инвестиция салуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди.

Ир Ли Кыргызстандан бал жана жаңы мөмө-жемиштерди импорттоо, ошондой эле АЭАда биргелешкен ишкана ачуу маселелерин изилдөө максатында 2024-жылдын апрель-май айларында Кыргызстанга келүүгө даяр экенин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK