КР Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Малайзиянын Жогорку билим берүү министри Замбри Абдул Кадир менен жолугушуусу болуп өттү

101

2024-жылдын 2-мартында Антальянын дипломатиялык форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Малайзиянын Жогорку билим берүү министри Замбри Абдул Кадир менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-малайзия кызматташтыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелерин, эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда өз ара аракеттенүүнү чыңдоонун мындан аркы жолдорун талкуулашты.

Министр Жээнбек Кулубаев Малайзиянын экс-Тышкы иштер министри Замбри Абдул Кадирдин өткөн жылдын июль айында Кыргыз Республикасына болгон биринчи сапары кыргыз-малайзия кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө шарт түзгөнүн канааттануу менен белгиледи.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Кыргызстандын тышкы саясат ведомствосунун башчысы мурдагы кесиптешин Малайзиянын Жогорку билим берүү министри кызматына дайындалышы менен куттуктады. Кыргыз тарап билим берүү технологиялары жаатында кызматташууну жана билим алмашууну бекемдөөгө, ошондой эле билим берүүнү санариптештирүү жаатында Малайзиянын тажрыйбасын изилдөөгө кызыкдар экендигин баса белгиледи.

Өз кезегинде Замбри Абдул Кадир Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы мамилелер достукка жана өз ара сый-урматка негизделгенин баса белгилеп, малайзиялык тараптын эки тараптуу форматта, анын ичинде эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында кызматташуу боюнча биргелешкен активдүү иштөөгө даярдыгын белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK