Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Анвар Анарбаевдин Малайзиянын Тышкы иштер министрлигинин Түштүк жана Борбордук Азия Департаментинин директору Шазелина Зайнул Абидин менен жолугушуусу болуп өттү

139

2024-жылдын 6-мартында Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Анвар Анарбаевдин Малайзиянын Тышкы иштер министрлигинин Түштүк жана Борбордук Азия Департаментинин директору Шазелина Зайнул Абидин менен жолугушуусу болуп, анын жүрүшүндө саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу кызматташуунун учурдагы маселелеринин кеңири спектри талкууланды.

Ошондой эле, эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана тараптардын кароосунда турган макулдашуулардын долбоорлорун илгерилетүүдө мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн перспективалары, жогорку жана жогорку деңгээлдердеги өз ара иш сапарларды уюштуруу жөнүндө пикир алмашуу болду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK