Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Анвар Анарбаевдин Малайзиянын Тышкы иштер министрлигинин Башкы катчысынын орун басары Бала Чандран Тарман менен жолугушуусу өттү

135

2024-жылдын 27-мартында Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Анвар Анарбаевдин Малайзиянын Тышкы иштер министрлигинин Башкы катчысынын орун басары Бала Чандран Тарман менен жолугушуусу болуп, анын жүрүшүндө эки өлкөнүн эл аралык уюмдарда, анын ичинде БУУда өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Тараптар мындан ары да мамилелерди чыңдоо үчүн күч-аракеттерди жумшоого даяр экендиктерин билдиришти жана эл аралык уюмдардын алкагында өз ара колдоо көрсөтүү маселеси боюнча жемиштүү кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Элчи А.Анарбаев 2027-2028-жылдарга Азия-Тынч океан аймактык тобунан БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргызстан талапкерлигин көрсөткѳндүгү жөнүндө маалымат берип, Кыргыз Республикасынын талапкерлигин колдоо өтүнүчү менен кайрылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK