Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Малайзиянын Инвестициялар, соода жана өнөр жай министри Зафрул Тенгку Абдул Азиз менен жолугушуусу болуп өттү

154

2024-жылдын 1-апрелинде Малайзияга расмий сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Малайзиянын Инвестициялар, соода жана өнөр жай министри Зафрул Тенгку Абдул Азиз менен жолугушуусу болуп өттү.

Талкуунун негизги темасы эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, атап айтканда органикалык айыл чарба продукциясын экспорттоо, инвестиция тартуу жана халал индустрия, минералдык ресурстар, туризм жана энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагында кызматташууну өнүктүрүү болду.

Тараптар Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди кеңейтүү боюнча биргелешкен күч-аракеттердин маанилүүлүгүн, анын ичинде экономикалык кызматташтык чөйрөсүндө атайын кыргыз-малайзиялык биргелешкен комиссиянын ишин кайра жандандыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Министр Жээнбек Кулубаев учурда Кыргызстандын жетекчилиги астында жагымдуу инвестициялык климатты түзүү боюнча бардык мүмкүн болгон чаралар көрүлүп жатканын маалымдап, малайзиялык ири ишканаларды тартуу менен учурдагы АЭАлардын базасында Кыргызстандын аймагында инвестициялык аймактарды түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга малайзиялык тарапты чакырды.

Малайзиялык тарапка ошондой эле инвестициялык кызматташууга оң таасирин тийгизе турган жана эки өлкөнүн ортосундагы башка маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ача турган бир нече “пилоттук” инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушталды.

Соода-экономикалык чөйрөдө кызматташтыкты кеңейтүү жана эки өлкөнүн бизнес-коомчулугунун ортосунда байланыштарды түзүү максатында Кыргызстанда, Малайзияда да өткөн ири бизнес-форумдарга жана көргөзмөлөргө мамлекеттик жана жеке структуралардын өкүлдөрүнүн катышуусунун маанилүүлүгү белгиленди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK