Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Малайзияга эки күндүк расмий сапар менен келди

166

Ушул жылдын 1-апрелинде Малайзиянын Тышкы иштер министри Утама Хажи Мохамад Хажи Хасандын чакыруусу боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Малайзияга эки күндүк расмий сапар менен келди.

Сапардын биринчи күнүндө эки өлкөнүн тышкы иштер ведомстволорунун жетекчилеринин жолугушуусу болуп, анын жүрүшүндө тараптар эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн жана кызматташтыктын кеңири спектрин, анын ичинде саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө талкуулашты.

Кыргыз-малайзиялык эки тараптуу мамилелердин активдешүүсүнүн динамикасына канааттануу билдирилип, аларды мындан ары чыңдоо үчүн бул тенденцияны сактоонун маанилүүлүгү белгиленди. Соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, инвестицияларды тартууга, өлкөлөрүбүздүн ортосунда түз авиакаттамдарды ачууга, ошондой эле билим берүү жана халал индустриясы тармагындагы мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар жогорку жана жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруунун жана келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти. Ошондой эле эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында кыргыз-малайзиялык мамилелерди чыңдоо жана өнүктүрүү курсун улантуу, анын ичинде эл аралык уюмдарда өз ара колдоо көрсөтүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK