Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Малайзиянын Транспорт министри Лок Сью Фук менен жолугушуусу болуп өттү

145

2024-жылдын 2-апрелинде Малайзияга болгон расмий иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Малайзиянын Транспорт министри Лок Сью Фук менен жолугушуусу болуп, өлкөлөрүбүздүн ортосунда түз аба каттамдарын ачуу маселеси талкууланды.

Министр Жээнбек Кулубаев белгилегендей, кыргыз тарап малайзиялык авиакомпанияларга бешинчи аба укугун берүү менен түз аба каттамдарын ачууга кызыкдар экендигин билдирди.

Биздин өлкөлөр ортосунда түз авиакаттамдардын ачылышы эки өлкөнүн ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө түрткү берерин эске алып, түз авиакаттамды гана эмес, жүк ташууну да ачуу үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылууга даяр экени айтылды, бул өз кезегинде биздин өлкөлөр ортосунда товарларды жана продукцияларды ташууну жеңилдетет.

Мындан тышкары, соода-экономикалык мамилелерди кеңейтүү жана жүктөрдү ташуу үчүн эффективдүү транспорттук-логистикалык каттамдарды камсыздоо перспективалары да талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасы менен Малайзиянын ортосунда түз авиакаттамдарды ачуу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууга кызыкдар экенин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK