“Манас - адамзаттын материалдык эмес маданий мурасы»” атуу илимий практикалык конференциясы өткөрүлдү

349

Ушул жылдын 23-майында  Киев ш. Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүн 100-жылдыгын белгилөө алкагында, “Манас - адамзаттын материалдык эмес маданий мурасы»” атуу илимий практикалык конференциясы өткөрүлдү.

Дипломаттык иш-чарага Украина маданият министри Р.Карандеев, Украинанын Верховный Раданын 13 депутаты, дипкорпустун өкүлдөрү, саясий жана коомдук ишмерлер, тюркология/филология чөйрөсүнүн илимпоздору, Киев ш. ЖОЖдордун өкүлдөрү, кыргыз диаспоранын өкүлдөрү катышкан. Кыргызстан тараптан видеоконференцбайланыш режиминде “Манас” улуттук академиясы” мамлекеттик мекемесинин президенти Т.Бакчиев, Кыргызстандагы “Берегиня” украин коомунун төрагасы В.Нарозя (“Эр-Төштүк” китебинин котормочусу) жана сүрөтчу З.Илипов дагы катышышкан.   

Конференция кыргыз-украин-англис тилдеринде өтүп, Манастын дүйнөлүк маданияты үчүн таасири жөнүндө талкуулангандан киин катышуучуларга “Манас” аттуу видеотасма тартууланган. Украин тилинде жаңы басылып чыккан Саякбай Каралаевдин “Эр-Төштүк кыргыз эл эпосу” китебинин бет ачары болуп, ар бир катышуучуга белек катары тардууланды. Айтып кетчү нерсе, “Киргизький народний єпос Єр-Тоштюк” китебин украин спонсорлордун эсебинен басылган.

Конференциянын жүрүшүндө катышуучуларга Украинанын маданият министри Р.Карандеев, професор Т.Бакчиев, “Эр-Тоштюк” эпосунун котормочусу В.Нарозя, профессор М.Васькив жана башка түрк филология илимпоздору доклад жасады.

Баяндамачылар кыргыз маданиятын дүйнө жүзүнө таасирин билгизип, мындай иш-чаралар кыргыз-украин маданий-гуманитардык мамилелерин өнүктүрүүгө кошкон салымынын маанисин белгилешти.

Дипломаттык иш чара бийик деңгээлде өтүп, катышуучулардан оң ​​жооп алды.

Жаңы китептер жогорку окуу жайларга жана китепканаларга таратылат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK