Кыргыз Республикасынын БУУдагы жана Женевадагы башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Д.Мукашев Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) Европалык регионалдык кеңсесинин Директору доктор Х.Клюге менен онлайн режиминде жолугушууну өткөрдү

3252

2021-жылдын 28-апрелинде, Кыргыз Республикасынын БУУдагы жана Женевадагы башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Д.Мукашев Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) Европалык регионалдык кеңсесинин Директору доктор Х.Клюге менен онлайн режиминде жолугушууну өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ушул жылдын 24-26-мартында Аймактык директор доктор Х.Клюгенин Кыргызстанга болгон иш сапарынын жыйынтыктарын жана ошондой эле Кыргызcтандагы учурдагы COVID-19 пандемиясына байланыштуу кырдаалды кеңири талкуулашты. Атап айтканда, алар төмөнкү суроолорду талкуулашты: COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө Кыргызстандын ДСУ менен кызматташтыкты; өлкөнүн калкына COVID-19га каршы эмдөөнү жана ошондой эле өлкөдөгү алгачкы медициналык-санитардык жардамды колдоону жана жайылтуу зарылдыгын.

Аймактык директор Кыргызстанга жардам көрсөтүү маселелери ДСУнун Аймактык кеңсесинин күн тартибиндеги приоритеттүү маселелердин тизмесинде экендигин баса белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK