Кыргыз Республикасынын БУУдагы жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү А.Бейшеналиев БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку Комиссары Ф.Гранди менен жолугушту.

3076

2021-жылдын 12-июлунда Кыргыз Республикасынын БУУдагы жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү А.Бейшеналиев БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку Комиссары Ф.Гранди менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлү А.Бейшеналиев Кыргыз Республикасы менен БУУнун Качкындар иштери боюнча жогорку комиссариатынын (КЖБК) ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун жогорку деңгээлин белгилеп, ошондой эле Ф.Грандиге COVID-19 пандемиясына каршы күрөштө Кыргызстанга көрсөткөн тийиштүү жардамы үчүн ыраазычылыкты билдирди.

Тараптар Кыргызстан менен БУУ КЖБКнын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашып; өлкөдөгү долбоордук иш-чараларды уюштуруу, ошондой эле качкындардын, башкалка сурагандардын укуктарын коргоо жана жарандыгы жоктукту андан ары алдын алуу жаатындагы кызматташуусунун өз ара аракеттенүүсүнүн келечектүү багыттарын талкуулашты. Ушул жагдайда Туруктуу өкүл А.Бейшеналиев БУУнун качкындар иштери боюнча комиссариаты аркылуу өлкөнүн компетенттүү органдары менен биргеликте, жабдууларды жана мүлктөрдү эксплуатациялык запастын жана табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар, качкындар жана жер которгон адамдар үчүн лагерлерди жана талаа ооруканаларын жайгаштыруу базасын түзүү жана жабдуу долбоорун ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну суранды.

Өз кезегинде, Жогорку комиссар Ф.Гранди БУУ КЖБК менен Кыргызстандын ортусундагы кызматташтыгына канааттангандыгын билдирип, уюм өз ишинин алкагында Кыргызстанга ар тараптуу техникалык, эксперттик жана гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр экендигин белгилеп кетип, ошону менен Туруктуу өкүл А.Бейшеналиев белгилеп кеткен, эки тараптык өнөктөштүктү тереңдетүү боюнча конкреттүү сунуштарды кылдаттык менен карап чыгууга ишендирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK