Кыргыз Республикасынын БУУдагы жана башка эл аралык уюмдардагы Женевадагы туруктуу өкүлү А.Бейшеналиев Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) Башкы директору, доктор Т.Гебрейесус менен жолугушту.

2392

2021 -жылдын 3 -августунда Кыргыз Республикасынын БУУдагы жана башка эл аралык уюмдардагы Женевадагы туруктуу өкүлү А.Бейшеналиев Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) Башкы директору, доктор Т.Гебрейесус менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлү А.Бейшеналиев ДССУ башкы директоруна уюм тарабынан Кыргызстанга көрсөтүлгөн ар тараптуу жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. Мындан тышкары, тараптар COVID-19га каршы эмдөө тармагындагы эки тараптын ортосунданы актуалдуу маселелерин, ошондой эле ДССУнун Кыргызстанда жүргүзгөн долбоордук иш-чараларын, атап айтканда: башка жугуштуу жана жугуштуу эмес ооруларга каршы күрөшүү чөйрөсүндө; калктын психикалык ден соолугун жакшыртуу; иммундаштыруу жана аялдардын репродуктивдүү ден соолук маселелерин талкуулашты.

Туруктуу өкүл А.Бейшеналиев ДССУнун долбоордук ишмердүүлүгү мамлекеттин саламаттыкты сактоо секторун чыңдоодогу ийгиликтүү жана ырааттуу ишине өбөлгө түзөрүн белгилеп, бул багытта эффективдүү кызматташууга үмүтүн билдирди.

Өз кезегинде, ДСУнун Башкы директору доктор Т.Гебрейесус кыргыз тарапка COVID-19 менен күрөшүүдө тыгыз кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирип жана ДССУнун ар тараптуу Кыргызстанды колдоону улантууга даярдыгын белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK