Кыргыз Республикасынын БУУдагы жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү А.Бейшеналиев менен Эл аралык эмгек уюмунун Башкы директору Г.Райдер менен жолугушту.

2791

2021 -жылдын 4 -октябрында Кыргыз Республикасынын БУУдагы жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү А.Бейшеналиев менен Эл аралык эмгек уюмунун  Башкы директору Г.Райдер менен жолугушту.

Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлү А.Бейшеналиев Кыргыз Республикасы менен ЭЭУнун ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун жогорку деңгээлин белгилеп, ошондой эле Г.Райдерге Кыргызстанга көрсөткөн жардамы үчүн, анын ичинде Кыргызстандын экономикасы жана эмгек рыногуна COVID -19 пандемиянын таасирин экспресс-баалоо жүргүзүүдө жана  пандемиясынын кесепеттерин жоюу боюнча сунуштарды берүүдө  ыраазычылыгын билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен ЭЭУнун ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана өлкөдө долбоордук иш-чараларды уюштурууну талкуулашып; ошондой эле формалдуу эмес жумуш орундарын кыскартууну, мигранттарга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жардам берүүнү, ошондой эле Кыргызстандын эмгек мыйзамдарын эл аралык эмгек стандарттарына ылайык инвентаризациялоо чөйрөсүндө келечектүү багыттар боюнча иш жүргүзүүнү макулдашты.

Өз кезегинде ЭЭУнун Башкы директору Г.Райдер ЭЭУ менен Кыргызстандын ортусундагы кызматташтыгына канааттангандыгын билдирип, уюм өз ишинин алкагында Кыргызстанга ар тараптуу техникалык жана эксперттик жардам көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK