Консулдук каттоо

Америка Кошмо Штаттарынын аймагында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары «Консулдук каттоо» автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу консулдук мекемеге каттала алышат.

Башкы консулдуктун консулдук округуна төмөнкү 31 штат кирет: Айдахо, Айова, Аризона, Арканзас, Вайоминг, Вашингтон, Висконсин, Гавайи, Иллинойс, Индиана, Калифорния, Канзас, Кентукки, Колорадо, Луизиана, Миннесота, Миссисипи, Миссури, Мичиган , Монтана, Небраска, Невада, Нью-Мексико, Огайо, Оклахома, Орегон, Түндүк Дакота, Теннесси, Техас, Түштүк Дакота, Юта.

Консулдук каттоо Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын толук коргоого мүмкүнчүлүк берет (өзгөчө кырдаалдарда иштөөдө, документтер жоголгондо документтерди калыбына келтирүүдө ж.б., ошондой эле Кыргызстандын жарандарынын конституциялык укуктарын сактоо (шайлоого катышуу) үчүн тизмелерин түзүүдө). Консулдук каттоодо турган жарандардын санына жараша чет өлкөлөрдө консулдук мекемелерди ачуу чечими кабыл алынат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык (2019-жылдын 25-ноябрындагы №632) чет өлкөлөрдө туруктуу же убактылуу турган Кыргыз Республикасынын жарандары чет өлкөдөгү мекемеге – Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугуна жеке өзү кайрылып, же дистанттык тартипте (жеке өзү келбестен) консулдук каттоого туруу мүмкүнчүлүгү каралат.

Жеке кайрылуу менен консулдук каттоого туруу үчүн жарандар төмөнкү документтерди көрсөтүүсү керек:

  1. формага ылайык толтурулган регистрациялык карта;
  2. Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспорту.

Ал эми жеке өзү келбестен (дистанттык түрдө) консулдук каттоого туруу үчүн жарандар жогоруда көрсөтүлгөн документтердин баарын сканерден өткөрүп, Башкы консулдуктун расмий электрондук дарегине kgconsulate.chicago@mfa.gov.kg жөнөтсө болот.

Кыргыз Республикасынын аймагынан башка өлкөгө туруктуу жашоо үчүн чыгып кетишкен Кыргыз Республикасынын жарандары консулдук каттоого туруу үчүн Кыргыз Республикасында «Регистрациялык каттоодон чыгарылды» деген штампы менен даректен чыгуу баракчасын көрсөтөт/жөнөтөт.

Эгерде Кыргыз Республикасынын жараны жашаган жеринен өз убагында регистрациялык каттоодон чыкпаса, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык мекемесине туруктуу жашоо үчүн консулдук каттоого турууга Кыргызстанда жашаган дареги боюнча каттоодон чыгаруу арызы менен кайрылуусу зарыл.

Зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын жараны консулдук каттоого тургандыгы же каттоодон чыгарылгандыгы тууралуу жалпы жарандык паспортуна мастикалык штамп койдуруу үчүн Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине кайрылууга укуктуу.

Консулдук каттоого коюу акысыз жүргүзүлөт.

Консулдук каттоого туруу чет өлкөлөрдө шайлоого катышуу үчүн тизмеге кирүүнүн милдеттүү түрдөгү талаптарынын бири болуп саналарын белгилеп кетебиз.